Кыргызстандыктар даттанды... Биволдун мурунку жубайы социалдык баракчасындагы чектөөлөр боюнча билдирүү таратты

Бокс боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону, кыргызстандык мушкер Дмитрий Биволдун мурунку жубайы Екатерина Бивол Инстаграм баракчасындагы "көк белгисинин" алынып калышына спортчунун күйөрмандары күнөлүү экендигин айтып чыкты.

Анын айтымында, социалдык баракчасы боюнча күйөрмандар тарабынан даттануулар жиберилип, эки күндөн бери билдирүүлөрдү киргизе албай калган.

"Көпчүлүк менин баракчамдагы "көк белги" боюнча суроо берип жатат. Мындай жагдай экинчи ирет кайталанууда. Биринчи жолу август айында алынып калган. Бул убактылуу маселе, аны кайра калыбына келтиребиз деп ишенем. Бул жагдай Диманын күйөрмандары даттануу жибергенден улам жаралып жатат. Бүт Кыргызстан сага каршы турганда, ага туруштук бере албай калат экенсиң. Кечээ эле силердин билдирүүлөрүңөргө жооп кайтара албай жаткам. Аны силер жакшы билесиңер", - деп билдирүү калтырган катталуучуларына.

Белгилей кетсек, Биволдун мурдагы жубайы спортчу балдарына алимент төлөбөй жатканын айтып, ар кандай жагдайларга айыптап келет.

11.10.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан