Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск АКШнын Колифорния штатында робототакси, жүк ташуучу унаа жана үй кызматын аткаруучу роботту коомчулукка тааныштырды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Роботакси (Cybercab) — рулу жок, эки жүргүнчү үчүн иштелип чыккан. Кубаттагыч менен жүргөн унаанын эшиктери өйдө көздөй ачылат. Ишкердин айтымында 2027-жылы сатууга чыгат. Жана бул унаа коопсуз болуп саналат.
Ал эми робот жүк ташуучу унаа Robovan 20 адамды ташууга ылайыкташтырылган, ага жүк ташууга да мүмкүн.
Ошондой эле Илон Маск 20 миңден 30 миң долларга чейин турган Optimus роботунун жаңы муунун көрсөттү. Ал үй иштерине жардам бере тургандыгы маалыматта кошумчаланган.