Өтмөк ашуусунда жол тайгак экендигин транспорт министрлиги эскертет (видео)

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, айрым аймактарда кар жаап, жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүп жатат. Бул туурасында бүгүн, 12-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бардык унаа жолдордо каттам бар.
"Азыркы тапта №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Өтмөк ашуусунда кум себүү иштери аткарылууда. Жол тайгак. Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга зарыл", -деп айтылат маалыматта.
12.10.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан