Ош облусунун 6 тургуну аймактын ардактуу атуулу болду (тизме)

Бүгүн 12-октябрда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ош облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери жана көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн 6 адамга “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамын тапшырды. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Алар:
- Расулберди Раимбердиев - Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинин окутуучусу, профессор,
милициянын генерал-майору, "Даңк" медалынын ээси;
- Нурлан Сулайманов - Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, мамлекеттик кызматынын 2-кластагы мамлекеттик кеңешчиси, Эмгек сиңирген куруучу;
- Каары Алимбеков - эмгек ардагери, Эмгек сиңирген мугалими;
- Алмазбек Исраилов - Кара-Суу-Дан-Азык ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы;
- Анарбек Аттокуров - эмгек ардагери, Кыргызстандын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер;
- Чолпонбай Осмонов “Чин-Алин” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Эмгек сиңирген куруучусу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан