Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов "Темиров Live" каналындагы "Тулпар" картасы боюнча чыккан макала боюнча "Марал радиосу" басылмасына комментарий берди. Иликтөөдө долбоор чет өлкөлүк компанияга тийиштүү экендиги айтылган.
Алагөзов материалда айтылган сөздөр далисиз айыптоолор экендигин белгилеген.
"Болот Темиров мамлекет башчысынын посту чыгаары менен эле жаңы иликтөө деп «чампалап» чыгара коюптур. Эптеп эле президентке чаптаганга аракет кылыптыр. Президент жол киренин көтөрүүнү колдоду дейт. Мамлекет башчысынын постун карасаңыздар ал жакта баалар ошол бойдон калат, болгону накталай эмес төлөмгө өткүлө деп атат.
Президент Садыр Жапаровго эч кандай айырмасы жок компаниябы же жеке жакпы, ал турсун башка планетадан болобу, «Тулпар» картасы болобу же каалаган банктын картасы болобу башкысы накталай эмес төлөм жүргүзүү системасы үзгүлтүксүз иштесе болду.
«Темиров Live» боюнча айтсам алар жок нерсени бар дегенге өтүп алышты. Алардын материалдары далилсиз жана курулай дооматтар экени дагы бир ирет айкын болууда. Ал болгону бир тараптуу жана далилсиз айыптоолор менен саясат жасап жатат", - деп билдирген маалымат катчы.
Айта кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров кечээ, 11-октябрда Бишкек шаарындагы коомдук транспорттордун накталай эмес төлөмү боюнча маалымат берген.