Блогер Умар Даданов курут жасоочу жеке ишкананын абалы боюнча видео тартып, социалдык баракчасынан бөлүштү.
Тасмада эч бир шарты жок жерде калкка сатылуучу куруттун жасалып, кургатылып жатканын көрүүгө болот.
Ал сүзмө даярдалуучу бөлмөнү көрсөтүп, чымындардын көптүгүн айткан. Ошондой эле аны аралаштыруучу идиштердин абалы боюнча да билдирген.