Баткенде 2 миңден ашуун ипотекалык батирлердин курулушу башталды. Ташиев мезгил кутусун салды (сүрөттөр)

Бүгүн, 12-октябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы мамлекеттик ипотекалык үйлөрдун курулушуна мезгил кутусун салды. Бул туурасында анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов билдирди.
Ташиев сөз сүйлөп жатып, курулуш иштери анын жеке көзөмөлүндө боло тургандыгын билдирген.
"Баткен шаарындагы бул курулуштар дагы менин жеке көзөмөлүмдө болот жана мен эч кимге элибиздин бир тыйынын дагы уурдатпаймын. Буюрса, бул үйлөр жарандарбыздын турак-үй менен камсыз болушу жана чет жактарда үй аламын деп кыйналып жүргөн мекендештерибиздин кайтып келиши үчүн өбөлгө болот деп ишенебиз. Кудай буюрса, Баткен шаарын толугу менен кайрадан куруп чыгабыз. Заманбап, көрктүү жана жашоо үчүн эң ыңгайлуу шаарлардын бирине айлантабыз", - деп белгилеген ал.
Атайын кызматтын башчысы андан соң курулуш иштеринин жүрүшү менен жекече таанышып чыкты.
Белгиленгендей, Баткен шаарында жакынкы жылда жалпы 5 миң батир куруу пландалган. Учурда 2366 батирдин курулушу башталды. Шаарындагы "Асман резиденс 1" турак жай комплекси 12 кабаттан турган үйлөрдөн жана балдар бакчасы, жер астындагы унаа токтотуу жайы жана күнүмдүк тиричилик үчүн зарыл болгон бардык шарттарды камтыйт. Мындан сырткары жакынкы аралыкта турак жай комплексинин курулушу башталат.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан