Бүгүн, 12-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Лейлек районунда "Кайрагач" чек ара заставасын ачылыш аземине катышты. Бул туурасында анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов билдирди.
Маалымдалгандай, аталган чек ара заставы 2012-жылы курулуп башталып, бирок бүткөрүлбөй, кайра кароосуз калып калган. Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында курулуш иштери кыска мөөнөттө заманбап шарттары менен бүткөрүлдү.
Атайын кызматтын жетекчиси шарттар менен таанышып чыгып, чек арачыларды куттуктады жана кызматтык милдеттерин так аткарууга, мыйзамды кынтыксыз сактоону эскерткендиги маалыматта кошумчаланган.
Айта кетсек, "Кайрагач" чек ара заставасы заман талабына толугу менен жооп берет жана чек арачылардын кызматтык милдеттерин так аткарышы үчүн бардык тийиштүү аскердик каражаттар менен камсыздалган. Мончо, спорт комплекси жана аскер кызматкерлеринин эс алуусу үчүн да тийиштүү шарттар каралган.