Кытайда борбордук банктын мурунку аткаминери коррупция үчүн өлүм жазасына кесилди

Кытайдын борбордук банкынын жетекчисинин мурдагы орун басары Фан Ифэй пара алганы үчүн өлүм жазасына кесилди. Ал эки жыл абакта отуруп, андан соң өз жазасын ала тургандыгын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, Фан кызматтык абалынан пайдаланып борбордук банктан, каржы институттарынан, анын ичинде China Construction Bankынан жалпы суммасы 386 миллион юан (54 миллион доллар) болгон мүлктү мыйзамсыз кабыл алган деп айыпталган.

60 жаштагы Фан акыркы он жылда Си Цзиньпиндин каржы тармагындагы антикоррупциялык кампаниясынын алкагында камакка алынган Кытайдын улуттук банкынын эң жогорку даражалуу кызматкери.

2022-жылдын аягында Кытай бийлиги Фанга карата иликтөө жүргүзүп, 2023-жылы ал Коммунисттик партиянын тизмесинен чыгарылган.

Кытайдын коррупцияга каршы көзөмөл органы акыркы айларда каржы секторуна каршы өнөктүк баштап, өлкөнүн эң ири ишкелерин бутага алгандыгы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан