Бразилиянын Сан-Паулу шаарында 1 миллион 400 миң үй 24 саатка жарыксыз калды. Анткени Түштүк Американын эң ири мегаполисин катуу бороон каптагандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, бороондун кесепетинен кеминде жети адам каза болгон.
Сан-Паулу штатынын бийлиги ылдамдыгы саатына 108 чакырымга жеткен рекорддук шамал электр чубалгыларын үзүп, бак-дарактарды кулатып кеткен, ошондой эле кээ бир аймактар олуттуу зыянга кептелгенин айткан. Мындан улам айрым аймактардагы аэропорттор убактылуу жабылып, таза суу берүү да токтотулган.
Бийлик өкүлдөрү тийиштүу кызматтар менен биргеликте электр энергиясын калыбына келтирүу иштерин жүргүзүп, штаттын тургундарын таза сууну үнөмдүү колдонууга чакырууда.