УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жарым оор салмактагы дүйнө чемпионунун мурдагы ээси Дмитрий Биволдун беттеши боюнча өз оюн социалдык баракчасынан билдирди.
“Дима сен жеңдиң! Биволдун жеңиши уурдап алышты. Уюштуруучулар, калыстар адилеттүүлүктү тепселешти. Алар адилеттиктин баасын да түшүнүшпөйт!”, - деп билдирген Ташиев.
Белгилей кетсек, Сауд Арабиясынынын Эр-Рияд шаарында “Жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону” наамы үчүн уюштурулган бетттеште мушкер Дмитрий Бивол Канаданын атынан чыккан орусиялык мушкер Артур Бетербиевге жеңилип калган.
Мелдешке Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров да катышкан. Ал Бетербиевди колдоо иретинде барган.