Египеттин түштүгүндө эки поезд сүзүшүп, 20 адам жабыркады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, Каир багыты боюнча бара жаткан поездди экинчиси артынан келип, ала салып кеткен.
Белгиленгендей, каргашалуу окуя Каирден 270 чакырым түштүк тарапта жайгашкан Минья аймагында болгон. Жүргүнчүлөрү бар эки вагондун жарымы поезд жолунун жээгинде жайгашкан көлгө батып калган.
Учурда кырсыктын себептери такталып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.