Бишкекте 10-октябрдагы ок атышууда жаракат алган эки жарандын абалы канааттандырарлык. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 14-октябрда кабарлады.
Маалымдалгандай, бейтаптар палатага которулган, учурда дарылануусун улантууда.
Эске салсак, 10-октябрда Бишкектин 7-кичи районунда жайгашкан машугуу залында ок атышуу орун алган. Окуянын натыйжасында кырсыктын катышуучуларынын бири жеринде каза болуп, экөө ооруканага жеткирилген.