Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөөлөр киргизилди

Аба-ырайы кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Учурда Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Чүй облусунун ЖКККБдан билдиришти.

Ага байланыштуу, Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды Бишкек-Ош унаа жолунда жүрүүдө баардык коопсуздук жол эрежелерин так сактоого чакырды.

"Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын өздүк курамы Бишкек-Ош унаа жолунда кызмат өтүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөөлөр саат 22:00дө киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан