Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Мамкурулуштан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки кабаттуу имараттын долбоору боюнча уктоочу бөлмөлөр, ашкана, музыкалык бөлмө жана медпункт, ошондой эле оюн аянтча каралган.
"Ошондой эле бала бакча заманбап жабдуулар менен жабдылган. Объекттин жалпы аянты 762 чарчы метрди түзөт.
Бала бакчанын курулушуна бюджеттен 47 миллион сом каржыланган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бала бакчанын курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.