SUPER.KG порталынын колдонуучулары Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

SUPER.KG порталынын колдонуучулары 28-29-декабрь күндөрү Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектер берилип, майрамдык маанай тартууланган. 
Уюштуруучулардын бири Нурадыл Кудайбердиев кайрымдуулук акцияларына порталдын колдонуучулары өз ыктыяры менен катышышканын билдирди.
“Акцияны майрам алдында балдарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында уюштурдук. Буга чейинки акциябызда Таластагы баласы оорукчан, аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам бергенбиз. Бул жолу Баткен облусундагы Үч-Коргон айылындагы балдар үйүнө белек берүү үчүн акча каражатын котордук. Кайрымдуулук акциясында чакан болсо да майрамдык белек, кийим-кече тартууладык”,- деди ал. 
Мындан сырткары кайрымдуулук үчүн каражаттар чет өлкөдөгү мекендештерден да бөлүнүп турарын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан