Биз социалдык тармакта

Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Чүйдөгү Сосновка көзөмөл өткөрүү постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бүгүн, 17-октябрда маалымдады.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-октябрда саат 19:10дон тарта аталган постто жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген болчу.

Ошондой эле Арал посту да оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды.

Эске салсак, 15-октябрда Транспорт министрлиги Төө-Ашууда суу кар жаап, анын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жеткендигин айткан. Анын натыйжасында тыгын жаралганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан