Чаткал райондук администрациясы тыюу салынган өсүмдүктөрдү казуу, көчкүлөрдүн жүрүшү боюнча атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бул туурасында бүгүн, 17-октябрда мекеменин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Белгилей кетсек, 9-октябрда жалпы 14 адам эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кетип, дайынсыз болгондугу айтылган. Алардын сегизи эсен-аман табылып, алтоосун Ак-Сай ашуусунда кар көчкү басып калгандыгы белгилүү болгон.
Акимчиликтин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу максатында алыскы аймактагы малчыларды коопсуз жактарга көчүрүү иштери жүргүзүлгөн.
“Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу максатында айыл аймактагы башчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилген. Ошондой эле алыскы аймактарга кеткен малчыларды коопсуз жайларга көчүрүү боюнча да буйрук чыгып, иштер аткарылган.
Кырсык айтып келбейт экен, алдын алуу иштерине карабай ушундай окуялар катталууда. Учурда ӨКМдин райондогу кызматы менен биргеликте издөө иштери уланууда”, - деп билдирген акимчиликтин маалымат кызматы.
Ошондой эле маалымат кызматы өсүмдүк тамырын казуу да мыйзам чегинде тыюу салынгандыгына карабай катталып жаткандыгын билдирди.
“2024-жылдын 11-июнунда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 183-б буйругу чыгарылган. Анда район аймагындагы жапайы табигый өсүмдүктөрдүн (эндик,алгы жана башка) казылуусуна жана мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюу жөнүндө айтылган.
Жеринде аймактагы тургундарга бул туурасында түшүндүрүү иштери жүрүп келет. Ага карабастан тамырларды казуу иштерине барган тургундардын аягы үзүлө элек”, - деп кошумчалашты мекемеден.