Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында 60 орундуу оорукана комплексинин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Мамлекеттик курулуштан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган имарат 1338 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта: төрөт зал, жандандыруу бөлмөсү, операция залы, процедуралык бөлмөсү жана 2,3,4 орундуу палаталары каралган.
"Оорукана замандын талабына ылайык курулуп, техникалып аппараттар менен камсыздалды. Объекттин курулушуна 88 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, комплекстин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.