Бүгүн, 18-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, алар көп жылдык үзүрлүү жана ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү үчүн Жогорку Кенештин Ардак грамотасы менен министрликтин борбордук аппаратынан 4 кызматкер, түзүмдүк бөлүмдөн 2 кызматкер сыйланды.
"Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынан, ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнөн 105 кызматкер Социалдык коргоонун отличниги төш белгиси жана 122 кызматкер министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланышты", - деп айтылат маалыматта.