Пхеньян дрон табылгандан кийин Сеулду согуш менен коркутту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Пхеньян түштүк кореялык учкучсуз учак өлкө аймагында табылганын ырастагандан кийин муну “олуттуу аскердик провокация” деп айыптады.
Ошондой эле Түндүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлү ушундай дагы бир окуя катталса ал “согуш жарыялоо” катары бааланарын жана дароо сокуу уруу менен жооп болорун белгилеген.
Түндүк Корея бийлигинин маалыматы боюнча, 13-октябрда Пхеньянда кулап түшкөн түштүк кореялык аскердик учкучсуз учуучу учактын калдыктары табылган. Атайын түзүлгөн тергөө тобу дал ушул пилотсуз учак Пхеньяндын борборуна баракчаларды чачып жиберген деп болжолдогон.
Пхеньяндын маалыматына караганда, октябрь айында Түштүк Кореядан үгүт баракчаларын жүктөгөн дрондор өлкөнүн борборуна үч жолу жакындаган. Түштүк Кореянын коргоо министри Ким Ён Хен бул маалыматты тастыктаган эмес.