Ырчы Кайрат Примбердиев жубайы экөө эки башка жолго түшкөнүн айтты

Эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев 11 жыл жашаган жубайы менен эки башка жолго түштү. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык тармактагы баракчасына жазып, жубайына ыраазычылыгын айтты.

"Эки жолго түшсөк дагы тилегибиз, оюбуз бир! Балдарыбызга татыктуу билим, жакын болбосок дагы татыктуу тарбия берүү.

Мен сени менен өткөргөн 11 жылыбыздын ар бир мүнөт, секундасына ыраазымын! Болгону экөөбүз жашоодо бири-бирибизге аткара турган роль, вазыйпабызды аткарып бүттүк окшойт. Жүрөгүмдө 1 грамм таарынычым жок. Билем сен да мага ыраазысың жана таарынычың жок.

Мен жаныңда болбосом дагы баардык колдон келген колдоомду көрсөтүп турам сага! Сага аялдык, адамдык бакыт каалайм! Ыраазымын сага", - деп жазды ырчы.

Ырчынын жубайы дагы өз кезегинде билдирүү жасап, эки жолго түшкөндөрүнө эч кимди күнөөлөбөй тургандыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан