Бүгүн, 20-октябрда Бишкектеги "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадиондо Кыргызстандын Кубогу үчүн беттеш өтөт жана бул беттеште экинчи VAR системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Финалдык беттеште каньтык "Абдыш-Ата" клүбү менен "Мурас Юнайтед" клубдары кез келет. Оюндун башкы калысы казакстандык Денис Измаилов болоот. VAR системасында дагы казакстандык адистер отурушат.
Буга чейин Кыргызстанда алгачкы VAR Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда колдонулган.