Израилдин Коргоо күчтөрү Бейрут шаарындагы Сахел ооруканасынын жер төлөсүнөн Палестианын "Хезболла" кыймылынын бункерин тапканын, анда палестиналык кыймылдын 500 миллион доллары сакталган жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Бункер атайылап оорукананын астына коюлган. Анда жарым миллиард доллардан ашык банкноттор жана алтын бар экен", - деген Израиль армиясынын өкүлү Даниел Хагари.
Анын айтымында, кеп "Хезболланын" каза болгон лидери Хасан Насраллага таандык объекттердин бири жөнүндө болуп жатат.
Буга чейин Израиль Ливандагы "Кард аль-Хасан" уюму менен байланышкан инфраструктурага чабуул койгон.