Түндүк Корея Украинадагы согуш боюнча расмий билдирүү жасады

Түштүк Корея менен Украинанын "Түндүк Кореянын аскерлери орус армиясына кошулуп, Украинадагы согушка катышып жатат" делген маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттиги 22-октябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын куралсыздануу жана эл аралык коопсуздук боюнча биринчи комитетинин жыйынында Түндүк Кореянын БУУдагы өкүлүнүн билдирүүсүнө таянып жазды.

"Орусия менен аскердик кызматташтык деп аталган нерсеге келсек, менин делегациям Түндү Кореянын аброюна шек келтирүүгө жана эгемендүү эки мамлекеттин ортосундагы мыйзамдуу, достук жана өнөктөштүк мамилелерге шек келтирүүгө багытталган мындай негизсиз стереотиптик ушак-айыңдарга комментарий берүүнүн зарылдыгын көрбөйт", - деген Түндүк Кореянын БУУдагы өкүлү.

Бул "Түндүк Кореянын" аскерлери орус армиясына кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жатат" деген жаңылык чыккандан кийин Түндүк Кореянын бул боюнча биринчи ачык билдирүүсү болду. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жаңжал болгон аймакта Түндүк Кореянын аскерлери бар экенин тастыктай албасын мойнуна алган.

Ал эми орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маселенин айланасында карама-каршылыктуу маалыматтар көп тарап жатканын жана ага этияттык менен мамиле кылуу керектигин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан