Орус ырчысы Алсу миллиардер Ян Абрамов экөөнүн ортосундагы кичүү баласын биринчи жолу элге көрсөттү.
Өткөн аптада Орусиянын Эмгек сиңирген артисти көптөн бери биринчи жолу чоң жеке концертин берген. Дал ошол концертте ал залда ал үчүн эң кымбат көрүүчү болгон уулу отурганын айткан.
Андан кийин эле орус ырчысы социалдык тармактагы баракчасына баласы Рафаэль менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.
"Менин эң көп күткөн негизги көрүүчүм. Апасынын концертинде биринчи жолу", - деп жазган сүрөттүн астына ырчы.
Алсу менен бизнесмен Ян Абрамов 18 жыл чогуу жашагандан кийин ушул жылдын август айында эки башка жолго түшүшкөн.