АКШнын чалгын кызматы шайлоодон кийин Орусия, Иран жана Кытай тарабынан ыктымал диверсиялык аракеттерди эскертти 

АКШнын чалгын кызматы 6-ноябрда боло турган президенттик шайлоодон кийин Орусия, Иран жана Кытай өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракет кылышы мүмкүндүгүн эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, 22-октябрда АКШнын атайын кызматтары орусиялык агенттер шайлоонун жыйынтыгына карабастан, алардын легитимдүүлүгүнө шек туудуруу үчүн чагымчыл аракеттерди жасоону пландап жатышканын билдиришкен. Чалгын кызматы ошондой эле Иран онлайн таасир кампанияларынын бир бөлүгү катары ушундай тактикаларды колдонушу мүмкүн экенин белгиледи.

Чалгын кызматтары интернеттеги Орусия, Иран же Кытай менен байланышы бар күчтөр америкалыктарды шайлоонун жыйынтыгына шек келтирүүгө жана 2021-жылдын 6-январында жүздөгөн демонстранттар Капитолийге чабуул коюуга аракет кылган нааразылык акциялары сыяктуу митингдерди уюштурууга үндөйт деп күтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан