Анкарада атышуу жана жарылуу менен коштолгон теракт болду (видео) 

Түркиянын Анкара шаарындагы TUSAŞ аэрокосмостук компаниясынын учак заводунда атышуулар жана жарылуулар менен коштолгон теракт болду. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Түркиянын Ички иштер министри Али Йерликая Анкарада террордук кол салуу болгонун, жарадар болгондор жана каза болгондор бар экенин айткан. Ал учурда окуя болгон жерге коопсуздук күчтөрү, өрт өчүрүүчүлөр жана медициналык топтор жөнөтүлгөнүн белгилеген.

Учурда террорчулардын экөө жок кылынган. Дагы бирөө адамдарды барымтага алган бойдон отурат.

Түрк аэрокосмостук фирмасы Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы негизги ишкана. Компания ошондой эле Airbus A380 жана A400M аскердик транспорттук учактарынын тетиктерин чыгарат.

Анкарада теракт болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан