Анкарадагы теракттын кесепетинен төрт адам каза болуп, дагы 14ү жарадар болгон. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Эрдоган билдирди.
"Биздеги теракттан 4 адам каза болуп, 14 адам жарадар болду", - деген түрк лидери БРИКС саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда.
Мунун алдында эле Путин терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айткан.
Эрдоган учурда Татарстандын Казань шаарында БРИКС саммитинде жүрөт.
Бүгүн, 23-октябрда Түркиянын борбору Анкара шаарындагы Tusaş заводунда теракт болгон. Анда куралчан адамдар заводго кирип келишкен. Бир жанкечти заводдун кире беришинде өзүн жардырып, андан эки күзөтчү каза болгон. Учурда террорчулар 10 чакты адамды барымтада кармап турушат.