Татарстан президенттерди тосуп алуу үчүн канча чак-чак даярдаганы айтылды

Казань шаарындагы БРИКС саммитинин конокторун тосуп алуу үчүн жалпы салмагы 130 килограммды түзгөн 65 порция чак-чак даярдалган. Мындай маалыматты Татарстандын башчысынын басма сөз кызматы тактаган.

Саммиттин ардактуу конокторун учактан тосуп алуу учурунда Татарстандын башчысы Рустам Минниханов аларга орус наны менен татар чак-чакын даамдаткан. Татар чак-чакынан президенттер эле эмес, делегация мүчөлөрү дагы ооз тийишкен.

Татарстандын борборуна келген Беларустун лидери Александр Лукашенко татарлардын салттуу даамынан ооз тийип, Миннихановго: "Сиз мен жей албаган нерсе менен сыйлап жатасыз. Сиз арыксыз, ал эми мага бул турушум эле жетиштүү", - деп тамашалаган ЛУкашенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан