Беларустун президенти Александр Лукашенко 2025-жылдын 26-январына белгиленген кезектеги президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн ырастады. Бул тууралуу Беларустун БелТА басылмасы жазды.
Мамлекет башчысы шайлоонун жалпысынан беш датада өткөрүүнү талкуулап, анан бекиткенин айткан.
"Мен "балдар, Конституция боюнча бул силердин укугуңар. Отургула дагы, өлкө үчүн эмне жакшы экенин анализдеп, чечим кабыл алгыла" дегем", - деген Александр Лукашенко.
Бирок журналист суроо даталарда эмес, Александр Лукашенконун өзүнүн шайлоого катышуусу жөнүндө болуп жатканын тактаган.
"Ооба, катышам" деп кошумчалаган Лукашенко.
Александр Лукашенко Беларустун биринчи президенти жана куралдуу күчтөрдүн Жогорку башкы командачысы. Ал 1994, 2001, 2006, 2010, 2015 жана 2020-жылдардагы президенттик шайлоого катышкан.