Путин Орусияга Түндүк Кореянын аскерлери келди деген маалыматка комментарий берди

Орусиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинен кийин өткөргөн маалымат жыйынында "Түндүк Кореянын аскерлери орус армиясына кошулду" деген кептерге жооп берди.

Путин саммиттен кийин берилген бул суроого так жооп берген эмес. Ал Түндүк Корея менен түзүлгөн келишимден күмөн санабай турганын гана кошумчалаган.

"Түндүк Корея менен болгон мамилебизге келсек, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, стратегиялык өнөктөштүк келишими ратификацияланган. Биз Түндүк Кореянын жетекчилиги мамилебизге олуттуу карайт деп эч качан күмөн санаган эмеспиз. Ал эми эмнени кыла турганыбыз биздин иш", - деген Путин.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасы Түндүк Корея менен стратегиялык өнөктөштүк келишимин ратификациялаган, бул эки өлкөнүн аскердик альянсын бекемдейт. Ага үстүбүздөгү жылдын июнь айында Путиндин Түндүк Кореяга сапары учурунда мамлекет башчылары кол коюшкан.

Бул келишимдин 4-беренесинде альянстын мүчөсүнө кол салуу болсо, ага аскердик жардам көрсөтүүгө уруксат берилет. The Wall Street Journal басылмасы орусиялык мурдагы чалгын кызматкерине шилтеме жасап, келишимде Түндүк Кореянын аскерлерин Украинага жөнөтүүнү камтыган жашыруун пункт бар экенин жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан