Израилдин соккусунан Ливанда үч журналист каза болгону кабарланды

Израилдин Ливандын телеканалдары жайгашкан аймагына жиберген соккусунан улам кеминде үч журналист набыт болду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы билдирди.

“Үч адам каза болду – эки оператор жана бир техник”, - деп жазат басылма.

Телеканалдын маалыматына караганда, кол салуу таңкы саат төрттөр чамасында журналисттер жашап жаткан жерде болгон.

Ал эми Al Mayadeen телеканалы каза болгондордун бири телеоператор Гассан Наджар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Израилдин аскер аба күчтөрүнүн истребителдери Бейруттун түштүгүндөгү Al Mayadeen телеканалынын студиясы жайгашкан имаратка ракеталык сокку урган. Телеканалдын кызматкерлери жардыруу баштала электе имараттан чыгып кеткенге үлгүргөнүн айткан болчу.

Басылманын маалыматына караганда, ракета имараттын экинчи кабатындагы батирге тийген. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул батирде “Хезболланын” лидерлеринин бири жашаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан