Терроризмди актады деп айыпталган ММА мушкери Украинага согушка жөнөтүлдү

Орусиялык ММА мушкери Ильяс Якубов Украинадагы согуштук аймакка барып, ага козголгон кылмыш иши токтотулду. БУл тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

Якубов 2023-жылдын 22-октябрында Абу-Дабидеги UFC турниринен кайтып келгенден кийин кармалган. Ага берененин Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин 2-бөлүгү менен (террористтик ишмердүүлүктү ачык актоо) айып тагылган. Бул берене боюнча эң жогорку жаза жети жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу болуп саналат.

Кылмыш ишинин козголушуна Якубовдун инстрагам баракчасына чечен террорчусу Шамил Басаевдин монологуна машыккан видеосун жарыялаганы себеп болгон.

Бирок өткөн жумада ал Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинадагы согушка кеткен. Ал келишим менен согушка баруу үчүн июнь айында тиешелүү арыз жазганы белгилүү болду. Учурда ал Украинада гранатомёттук кызматты аркалоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан