Израиль БУУнун Ливандагы бейпилдик күчтөрүн кайрадан аткылады

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн аскерлери Ливандын түштүгүндөгү БУУнун тынчтык күчтөрүнүн мүчөлөрүнө ок атышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жарыяланган кабарга ылайык, 22-октябрда Духейра конушунун жанындагы чепке жайгаштырылган бейпилдик күчтөрү Ливандын аймагындагы имараттарда жүргөн Израилдин аскерлерин байкашкан. Израиль аскерлери алардын байкаганын билип калгандан кийин бейпилдик күчтөрүн көздөй аткылашкан. Жыйынтыгында бейпилдик күчтөрү израилдиктердин аракеттеринен улам өз позициясынан чегинүүгө аргасыз болгон.

Бул Израилдин БУУнун күчтөрүн биринчи жолу аткылашы эмес. 10-октябрда БУУнун Накурадагы штаб-квартирасында израилдик танк байкоо мунарасын аткылап, андан эки адам жарадар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан