Санкт-Петербург шаарынын "Зенит" клубунун капитаны болгон бразилиялык футболчу Дуглас Сантос орус паспортун алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк тelegram каналында билдирди.
Дуглас Сантос санкт-петербургдук клубда 2019-жылдан бери ойноп келет. "Зениттин" курамында ал беш жолку Орусиянын чемпиону болгон.
Эми бразилиялык футболчу спорттук жарандыгын өзгөртүшү керек. Андан кийин анан футболчу Орусиянын Премьер-Лигасында чет элдик оюнчу катары каралбай калат жана ал тургай Орусиянын курама командасында да ойной алат.