Эл аралык кылмыш соту Монголия Владимир Путинди камакка алуу жана экстрадициялоодо кызматташкан эмес деген бүтүмгө келип, маселени катышуучу мамлекеттердин ассамблеясынын чечими үчүн тапшырды. Бул тууралуу Эл аралык кылмыш сотунуу расмий кайрылуусунда айтылды.
"Эл аралык кылмыш сотунун II соттук коллегиясы Путин мырзаны өз аймагында жүргөндө камакка албай, сотко өткөрүп бербеген Монголияны кызматташууну аткара алган жок деп тапты. Бул Рим статутунун жоболоруна карама-каршы келет. Монголиянын сот менен кызматташуудан баш тартуусунун олуттуулугун эске алып, Палата маселени катышуучу мамлекеттердин ассамблеясынын кароосуна берүүнү зарыл деп тапты", - деп айтылат кылмыш сотунун маалыматында.
Путин Монголияга өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурелсухтун чакыруусу менен Халхин-Гол дарыясында советтик жана монгол аскерлеринин япон куралдуу күчтөрүн биргелешип жеңгендигинин 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн сентябрдын башында барган.
Бул орус президентинин 2023-жылдын мартында сот аны Украинадан Орусияга балдарды өткөрүп берүү боюнча камакка алуу ордерин чыгаргандан бери Эл аралык соттун Рим статутуна кол койгон өлкөгө жасаган биринчи сапары.
Монголия Рим статутуна 2000-жылы кол коюп, 2002-жылы ратификациялаган.