Түркиянын борбору Анкара шаарындагы заводдо теракт уюштургандардын кимдер экени аныкталы. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая билдиргенин РИА Новости жазды.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кол салган адам Түркияда тыюу салынган Күртстан жумушчу партиясынын мүчөсү, Минне Севжин Алчичек аттуу аял болгон. Ал укук коргоо кызматкерлери тарабынан теракт болгон күнү эле жок кылынган.
23-октябрда Анкарадан 28 чакырым алыстыкта жайгашкан Кахраманказанда Turkish Aerospace Industries компаниясынын башкы кеңсесинин жанында теракт болгон. Түркиянын TUSAŞ аэрокосмостук компаниясынын объектисинде болгон теракттын натыйжасында 5 адам каза болуп, дагы 22 адам жаракат алды.