Зеленский Түндүк Кореянын аскерлери Украинага каршы качан согуша баштаарын айтты

Жакынкы 2, 3 күндө Түндүк Кореянын аскерлери Украинага каршы согушка катышат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ, 25-октябрда өзүнүн тelegram каналында билдирди.

"Украинанын чалгын кызматынын маалыматы боюнча, 27-28-октябрда Түндүк Кореянын биринчи аскерлери Орусия тарабынан согуштук аймактарда колдонулат", - деп жазды Зеленский.

Москванын бул кадамына байланыштуу украин лидери Батыш союздаштарын Москва менен Пхеньяндын өкмөттөрүнө кысым көрсөтүүгө чакырды.

"Түндүк Кореянын согуштук аракеттерге иш жүзүндө катышуусуна көз жумуп, комментарий түрүндө эмес, Москва менен Пхеньянга БУУнун Уставын сактоо жана эскалациялоо жазалоосу үчүн реалдуу кысым көрсөтүлүшү керек", - деди Зеленский.

18-октябрда Түштүк Кореянын чалгын кызматы Пхеньяндан Орусияга жалпы саны 12 миң аскери бар төрт бригада жөнөтүлүп жатканын жарыялаган. Бир нече күндөн кийин Зеленский Түндүк Корея согушка иш жүзүндө кошулганын билдирген.

23-октябрда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Пентагондо Түндүк Кореянын аскерлери Орусияда жүргөндүгү тууралуу далилдер бар экенин айткан. Ал Түндүк Кореянын аскерлери Орусиянын Приморск аймагына жана Курск облусуна жайгашканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан