"Бул менин үйүм". Хамзат Чимаев чыныгы мекени кайсы өлкө экенин айтты

Жеңилбес UFC мушкери Хамзат Чимаев жаш кезинде Швецияда жашаганына карабай Чеченстанды өз мекени катары эсептей турганын мойнуна алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Азыр Чимаев БАЭнин атынан мелдештерге катышат.

"Албетте, мага баарынан Чеченстан жагат. Чеченстан менин үйүм. Ал жерде менин бала кезимден берки көптөгөн досторум бар. Мен өзгөчө Чеченстандагы өзүмдүн айылыма барган жагат. Ал жерде көптөгөн достор бар жана жакшы күндөрүм көп өкөн", - деген Чимаев.

Бүгүн, 26-октябрда "UFC 308" турниринде Чимаев Роберт Уиттакер менен беттешет.

Хамзат Чимаев акыркы жолу октагонго 2023-жылдын октябрь айында өткөн "UFC 294" турниринде чыккан. Анда ал Камару Усманды калыстардын чечими менен жеңип алган.

Анын эсебинде 13 жеңиш бар, жеңилүү жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан