Израиль 1-октябрдагы массалык чабуулга жооп иретинде Иранга сокку урду. Бул тууралуу BBC жазды.
"Израиль 1-октябрдагы баллистикалык ракеталык чабуулга жооп иретинде жергиликтүү убакыт боюнча ишемби күнү эртең менен Иранга кол салды", - жеп жазды BBC.
Tasnim агенттиги да Тегеранда бир катар жардыруулардын үндөрү угулганын кабарлады.
Өз кезегинде Израилдин Коргоо күчтөрү Ирандагы аскердик буталарга так соккуларды жасап жатканын жарыялап, "миссия аткарылды" деди.