Өзбекстандын экс-чиновнигине куралдуу кол салуу болду

Коңшу Өзбекстандын президенттик аппаратвнвн маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Комил Алламжоновго куралдуу кол салуу болду. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

Кол салуу бүгүн, 26-октябрга караган түнү болгон. Анда Алламжонов Ташкент облусунун Кибарайск районунда өз үйүнүн жанында унаасында отурганда белгисиз адамдар аны көздөй ок чыгарышкан. Ок чыгаргандар изин жашырып кеткен. Ал эми бул окуядан Алламжонов жабыркаган эмес.

Эскерте кетсек, Комил Алламжонов ушул жылдын 30-сентябрында президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан