Орусиянын Липецк шаарындагы №2 түзөтүү колониясынан алты туткун качып кетти. Бул тууралуу Липецк облусунун губернатору Игорь Артамонов телеграм каналына жазды.
Абактан качуу бүгүн, 26-октябрь күнү эртең менен менен болгон. Алар Орусияда зордуктоо, анын ичинде 16 жашка чейинки адамды зордуктоо жана баңги затын сактоо боюнча соттолгон. Шаарда алар селсаяктар катары тизмеде турган.
Абактагылар туннель аркылуу качып чыгышкан. Учурда аларды издөө боюнча ыкчам иш-чаралар көрүлүүдө. Шаардан чыккан бардык унаалар текшерилүүдө.