Орусиянын Липецк облусундагы №2 колонияда качып кеткен 6 туткундун экөөсү кармалды. Бул тууралуу Липецк облусунун губернатору Игорь Артамонов телеграм каналына жазды.
Анын айтымында, качып кеткен туткундардын экөө Тамбов облусунун аймагынан кармалган. Калган качкындарды издөө иштери уланууда.
Алар Тамбов облусунун Петровка айылында кармалган. Качкындар спорттук кийимдерди кийип алууга жетишкен. Күбөлөрдүн айтымында, шектүүлөр жалпысынан төрт киши болгон, экөө кармалып, калган экөө качып кетүүгө үлгүргөн. Азыр алар бүтүндөй Сампур районунда изделүүдө.
Бүгүн, 26-октябрь күнү эртең менен Липецк облусундагы №2 колонияда отурган жарандар туннель аркылуу качып кеткендиги кабарланган. Качкындар Өзбекстандын жана Таикстандын жарандары болгон.