Орус армиясы Александропольду көзөмөлгө алышканын жарыялады

Орус аскерлери Донецктеги Александрополь кыштагын көзөмөлгө алды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Калктуу конушка аскерлердин Түштүк тобунун бөлүктөрү кирген. Коргоо министрлиги айыл кайсы аймакта жайгашканын тактаган жок.

Донецкте Александрополь деген бир нече айыл бар. Тактап айтканда, мындай аталыштагы калктуу пункттар Ясиновацкий, Константиновский, Марынский райондорунда жайгашкан.

Орус аскерлери ошондой эле Часов Яр, Звановка, Северск, Дачное жана Курахово аймактарында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн алты бригадасын жок кылышкан.

Бир сутка ичинде украин армиясы 740тан ашык аскерин, эки бронетехникасын жоготту. Мындан тышкары, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ок-дарылар сакталган кампасы талкаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан