Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде Бириккен улуттар уюмунун түзүлгөн күнүн белгилөө иш-чарасы болду. Ага кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү, уюмдун өлкөдөгү өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана кыргызстандык белгилүү спортчулар катышты.
Иш-чараны БУУнун өлкөдөгү туруктуу өкүлү Антье Граве ачып жатып, уюм түзүлгөндөн бери мамлекеттер аралык көйгөйлөрдү тынчтыкта чечүүнүн бирикмеси болуп келгенин, БУУ адам укуктарынын сакталышын, улуттар арасындагы достуктун бекемделишин, эл аралык коопсуздуктун корголушун жактай турганын белиледи.
Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев Кыргызстан уюмга мүчө мамлекет экенин эске салып, жалпы кыргызстандыктарды БУУнун күнү менен куттуктады. Ал эми маданият, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бирикме бүткүл дүйнөлүк маселелерди чечүүдө глобалдуу аянтча болуп келгенин белгилеп, министрлик маданият, спорт тармагында уюм менен болгон кызматташуусун өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Андан соң иш-чара концерттик программа менен уланып, коноктор менен кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Эрлан Шеровдун ортосунда суроо-жооп форматы орун алды. Майрамдык маараке акындар Арген Биймырза уулу менен Жамайка Токонованын айтышы менен жыйынтыкталды. Алар коомчулукта гендердик теңчиликтеги көйгөйлөр тууралуу ырдашты.
Мындан тышкары Тарых музейинде келген коноктор үчүн тематикалык: климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, адам укуктары, гендердик теңчилик, азык-түлүк коопсуздугу, саламаттыкты сактоо багытындагы жарманкелер уюштурулду.
Белгилей кетсек, БУУ өз уставын 1945-жылдын 24-октябрында кабыл алган. Ошондон бери ар жыл сайын 24-октябрь уюмдун түзүлгөн күнү катары белгиленип келет.