"Казакстан тарапка качып". Орусияда абактан качкан өзбекстандыктардын дагы экөө кармалды

Орусиянын Липецк облусундагы №2 колонияда качып кеткен 6 туткундун төртөө кармалды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү телеграм каналдары жазышты.

Алар Липецк облусунун аймагынан эле кармалган. Качкындар Казакстанга качып кирип, андан ары Өзбекстанга кетүүгө аракет кылышкан. Бирок, алар көздөгөн максатын ишке ашырыша алган эмес.

Учурда абактан качкан 6 адамдын төртөө кармалды. Дагы эки качкынды издөө иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, 26-октябрь күнү эртең менен Липецк облусундагы №2 колонияда отурган жарандар туннель аркылуу качып кеткендиги кабарланган. Качкындар Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан