Белгилүү кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 2 жылдан кийин чоң спортко кайтуу планы бар экенин айтты. Ал бул тууралуу кечээ, 26-октябрда Улттук тарых музейинде Бириккен улуттар уюмунун күнүн белгилөө иш-чарасында билдирди.
Спортчу айым 15 жылдай чоң спортто жүрүп чарчоону сезгенин, андыктан 2 жыл эс алууну пландаштырганын, бирок кызматка дайындалгандыктан иштөөгө туура келип калганын белгиледи.
"Балким 2 жылдан кийин чоң спортко кайра кайтам. Негизи көп пландарым бар, бирок азырынча бөлүшпөй турайын", - деди ал.
Эске салсак, 21-октябрь күнү Кыргызстандын күрөш федерациясында кезексиз шайлоо болуп, Тыныбекова федерациясынын айымдар арасындагы вице-президенти болуп дайындалган.