БУУ Израилдин Иранга кол салуусу боюнча билдирүү жасады

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн Ирандагы буталарга жасаган чабуулдарына комментарий берип жатып, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгышта уланып жаткан эскалацияга терең тынчсызданып жатканын билдирди.

Башкы катчынын билдирүүсүнүн үзүндүлөрү ишемби күнү уюмдун сайтында БУУнун басма сөз кызматы тарабынан жарыяланды.

"Эскалациянын бардык аракеттерин айыптайбыз жана бул токтотулушу керек" деп айтылат текстте.

Гутерриш бардык тараптарды, анын ичинде Газа менен Ливандагы согуштук аракеттерди токтотууга жана толук масштабдуу аймактык согушту болтурбоону, дипломатия жолуна кайтуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого чакырыгын кайталады.

Эске сала кетсек, 26-октябрга караган түнү Израилдин Коргоо күчтөрү Ирандагы аскерий объектилерге кол салууларды жарыялаган. Маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Израиль Иранга кол салуу үчүн 100дөн ашык учакты, анын ичинде F-35 истребителин колдонгон.

Кийинчерээк Израиль Иранга кол салуу боюнча расмий билдирүү жасады. Анда алар бул кол салууну "миссия аткарылды" деп эсептей турганын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан