Орозобек Токтомамбетов Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге утту

Кыргыз балбаны Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасыындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду.

Дүйнө чемпиондугуна ал 74 килограмм салмакта катышып, финалга чейин жетти. Финалда кыргыз балбаны япониялык Кота Такахаши аттуу балбан менен кез келди. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө кыргыз балбаны япониялык атаандашына жеңилип, Дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси болду.

Дагы бир кыргыз балбаны Абдымалик Карачов 57 килограмм салмакта финалга чыкты. Ал бүгүн, 27-октябрда күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан